У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акин Токталиев: «Конституциядан «светтик өлкө» дегенди алып салуу керек»

 
 Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Акин Токталиев «Vesti.kg» агенттигине берген маегинде Баш мыйзамдан «Кыргызстан светтик өлкө» дегенди алып салуу керек деп билдирди. 
 
Анын айтканына караганда Ислам дини кыргыз элин сактап калган. 
 
«Менин оюмча, Баш мыйзамдан светтик өлкө дегенди алып салуу керек. Кыргызстандын 98 пайызы мусулмандар, болгону 2 пайызы гана атеисттер. Элдин көпчүлүгү диний ырым-жырымдарды колдонушат. Светтик өлкөдө жарандар мусулманчылыкты жокко чыгарышы керек эле, бирок аны эч ким танган жок. Биздин элди Ислам сактап калды. Эгер башынан эле биздин өлкө светтик болгондо, биз өз атыбызды унутуп, жок болуп кетмекпиз»,-деди Токталиев.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter