У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


48 жаштагы жаран 13 жаштагы кызга үйлөндү

 
 Филиппинде 48 жаштагы киши 13 жаштагы кызга үйлөндү. Өспүрүм 48 жаштагы кишиге бешинчи аялы болуп турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
 
Маалыматка ылайык, үйлөнүү үлпөт 48 жаштагы Абдулрзак Ампатуан менен 13 жаштагы кыздын макулдугу менен өткөн. Өспүрүм кызга үйлөнгөн жаран кыз 20 жашка чыккыча балалуу болушпасын айткан. 
 
Бешинчи аялын алып жаткан киши дыйканчылык кылат. Ал эми кыз болсо үй жумуштары менен алек болуп, жолдошунун балдарын багат. Кыз мектепте окуйт, мектептеги окуусунун акысын күйөөсү төлөйт. 
 
ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Филиппинде жашы жете электе никеге турган 726 миң өспүрүм колукту бар. Өлкөдө ажырашууга мыйзам тарабынан тыюу салынган.
  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter