У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жолдо өтүп бара жаткан адамды акча бербей койгону үчүн бычактап өлтүрдү


Чүй облусунда жолдо өтүп бара жаткан жаранды акча бербей койгону үчүн бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди. 
 
Мекеменин билдирген маалыматына ылайык, окуя Москва районунун Беловодск айылында болгон. 38 жаштагы мас абалындагы адам жолдон өтүп бара жаткан жарандан акча сураган. Ал мас адамга акча берүүдөн баш тартканда, аны бычак менен сайып, качып кеткен.  
 
Бычактан жаракат алган адам оор абалда ооруканага түшүп, 3 күндөн кийин каза болгон.   
 
Бул кылмыш ишине шектүү деген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 
 Учурда кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter