У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустан көз жумган 29 медиктин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон компенсация төлөндү


Коронавирустан көз жумган 29 медиктин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал ошондой эле иш учурунда илдетке кабылган 479 медицина кызматкерине 200 миң сомдук компенсация берилгенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов коронавирусту жумуш учурунда жуктуруп алган медиктерге 200 миң сомдон компенсация берилет деген буйрукка кол койгон. Мындан тышкары, оору жуктуруп алып каза болгондордун жакындарына 1 миллион сом убадаланган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter