У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элвира Сурабалдиева: Өмүр – баарынан кымбат, бири-бирибизди аяйлы»


Кандай болгон күндө да пандемия адамзаттын жашоого болгон көз карашын өзгөрттү. Өмүр – баарынан кымбат. Тирүүлүккө эч нерсе жетпейт. Бири-бирибизди аяйлы. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева инстаграмдагы баракчасына жазды. 
 
«Урматтуу мекендештер, азыркы учурда коронавирустун экинчи толкуну деп аталып, дүйнөдө жаңы учурлардын көп катталып жаткандыгына карабастан:
 
- хаос болгон учурлар дээрлик азайды,
- каза болгон учурларды кескин азайганын байкоого болот,
- учурда коронавирус менен катарлаш жашап, жашоону токтотпогонго болгон аракеттер көрүлүп жатат.
 
Бирок дагы деле окумуштуулардын вирус тууралуу так жооптору жок: дагы кандай белгилери бар, кантип дарылоо керек – эч ким билбейт, вакциналар жок, коронавирус менен кантип күрөшүүнүн туура, так стратегиясы иштелип чыга элек.
 
Ошондуктан, урматтуу мекендештер, дагы да болсо кээ бир чектөөлөр сакталат, даярдыктар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
 
Кандай болгон күндө да пандемия адамзаттын жашоого болгон көз карашын өзгөрттү: Өмүр – баарынан кымбат. Тирүүлүккө эч нерсе жетпейт.
 
Бири-бирибизди аяйлы. Маскаларды тагыныңыздар, массалык иш-чаралардан алыс болуңуздар, социалдык аралыкты сактаңыздар»,-деп жазды Сурабалдиева. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter