У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токио Олимпиадасы 2021-жылы өтө турганы айтылды


Пандемияга байланыштуу 2020-жылы июль айында өтө турган Токио Олимпиадасы 2021-жылга жылдырылган эле. Дүйнө жүзүндө эпидемиологиялык абал кандайча өзгөрөрүнө карабастан Токио Олимпиадасынын мөөнөтү өзгөртүлбөйт, 2021-жылы олимпиада сөзсүз өтөт. 

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда Токиодо Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга менен Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчиси Томас Бах Олимпиада оюндарын 2021-жылы сөзсүз өткөрүү туурасында макулдашканы белгилүү болду.

Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчисинин айтканына караганда, Олимпиада оюндары башталганга чейин коронавируска каршы вакцина иштелип чыгып калса, оюнга катыша турган бардык спортчуларды вакцина менен камсыздоо иштери жүрөт.  



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter