У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сурабалдиева бюджеттин каражатын үнөмдөө үчүн Түркияга иш сапарга барчу аткарминерлерди жөнөткөн жок


Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева  бюджеттин каражатын үнөмдөө үчүн Түркияга иш сапарга камынып жаткан үч аткаминерди жөнөтпөй
койду. Вице-премьер бул тууралуу Twitter баракчасына жазды.

Анын айтымында, 2021-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштери боюнча жолугушуу үчүн беш адамдан турган делегация Түркияга барууга даярданып жаткан. Анын экөөнүн жол чыгымдарын чакырган тарап төлөп, үчөө бюджеттин эсебинен бармак.
Натыйжада чакырган тараптын эсебинен ишке түздөн-түз тиешеси бар маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары менен жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басарын жөнөтүүнү чечишкен.

"Калганына көйгөйлөр бул жакта деле жетиштүү. Бюджеттик каражатты үнөмдөө майда нерседен башталат", — деп жазган Сурабалдиева. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter