У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пара менен кармалган прокурорлор үй камагына чыгарылды

 
Пара алып жаткан жеринен кармалды деген Аламүдүн районунун прокурору Эдил Стакеев жана орун басары Акылбек Мойдунов Башкы прокуратуранын өкүлчүлүгүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. 
 
Мекеменин маалыматына ылайык, пара менен кармалган Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басарынын баш коргоо чарасы 13-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралган. Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу шектүүлөрдү үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган, сот аны канаатандырган.
 
Соттун чечимине ылайык, алар 13-январга чейин үй камагында болушат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter