У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек ара кызматы УКМКнын курамына өткөрүлүп берилди


Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлдү. Тийиштүү токтомго президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
 
Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында, жайгашкан жери Бишкек шаары болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү.
 
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат. 
 
УКМКга Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизүү тапшырмасы берилди.
 
     
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter