У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жолукту


 Президенттин милдетин аткаруучу, премьер- министр Садыр Жапаров 14 саат тынбай манас айткан манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
 
«Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү — бул «Манас» эпосу. Кыйын мезгилдерде Манастын образы манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элине күч-кубат берет. Азыр ар бир адамдын мамлекеттин өнүгүүсү боюнча өзүнүн позициясы жана көз карашы, дүйнө таанымы бар, бирок Манаска келгенде баарыбыз бирбиз. Сиз жаңы рекордду гана жаратпастан, элди биримдикке чакырдыңыз», — деди Садыр Жапаров.
 
Садыр Жапаров Дөөлөт Сыдыковго баалуу белектерди тапшырып, чың ден-соолук жана ийгиликтерди каалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter