У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды


Ички иштер министрлигинин кызматкери мыйзамсыз акча алуу фактысы боюнча  кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын З.Ж.А. аттуу ыкчам кызматкери 30 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Окуя 12-ноябрда болгон.

"Кармалган адам арыз ээсинен сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара талап кылуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter