У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Прокуратура: "Бишкектеги "Балалык" паркын курууда миллиондон ашык акча желген"


Бишкектеги "Балалык" паркын жакшыртууда мыйзам бузуу аныкталганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Мэрияга караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурстук комиссиясы Байтик баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын курулуш-монтаждык иштерин жүргүзүүдө "Ак-Ниет Курулуш" компаниясын жеңүүчү деп тапкан. Бирок текшере келгенде аталган компаниянын лицензиясындагы аткарылуучу иштердин тизмесинде суу, канализация, электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүнчүлүгү жок болуп чыккан. Буга карабастан алар менен келишим түзүлүп калган. Мындан сырткары, айрым иштердин баасы 1 043 887 сомго жогорулатылганы аныкталды", - дейт прокуратуранын маалыматында. 

Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын алдын ала сүйлөшүп, өзүнө жана башкаларга пайда табуу максатында кылган мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам мамлекетке зыян келтирилгени белгиленди. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тергөө амалдары уланууда.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter