У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө теракт жасалышы ыктымал". Азербайжан элчиси Садыр Жапаровдон эмнелерди суранды?


Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджиев президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолукканда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө теракт болушу ыктымалдыгын  билдирип, көзмөлдү күчөтүүнү өтүндү. 

"Кыргызстанга зыян келтирүү үчүн экстремисттик күчтөр бийлик алмашуу жана өткөөл мезгил учурун пайдаланып кетүүгө аракет кылышы мүмкүндүгүн белгилейм. Кыргызстандын мамлекеттер ортосундагы жана эл аралык мамилесин кыйынчылыкка кептөө максатында, балким дипломатиялык өкүлчүлүктөргө теракт жасалышы ыктымал. Урматтуу Садыр Нургожоевич, буга байланыштуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана дипломаттардын резиденциясына көзөмөлдү мындан дагы күчөтүүгө тапшырма беришиңизди суранам", — деди Оруджиев.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter