У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кудрет Тайчабаров Бишкек эркин экономикалык аймагына жетекчи болуп дайындалды


 Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Кудрет Тайчабаров

"Мен Бишкек эркин экономикалык аймагынын (СЭЗ) башчысы болуп дайындалдым. 
Биринчиден чын жүрөктөн куттуктагандарга чооң рахмат! Мага каалаган жакшылык он эсе силерде болсун!
Экинчиден, ичи күйүп аткан хейтерлер, мен журналистикада билим албай эле өзүмдүн аракетим менен иштегенмин. Экономика факультетин артыкчылык менен бүтүргөнүмдү билбесеңер, сындабай эле отурбайсыңарбы?! Алган билимим туура келбесе бул тармакка дайындамак эмес. 
Мен бул кызматты бер деп жулунган жокмун. Буйрук чыгып жатканда да барбай эле койбоюнбу деген сөз болду. 10 адам чуркаптыр бул орунга. Көбүнүн ою жаман экенин атайын кызматтардын маалыматы аркылуу билген Садыр Жапаровдун мени дайындоосу жеке чечими болду. Эртең мамлекет инвесторлорду алып келип жатса, биздеги коррупционерлер мурдагыдай шапкасын сурап качырып турса, кайдагы экономикалык өсүү, кайдагы инвестиция. Ошол себептен, өзү ишенген адамды коюп жатканы - бул өлкөнүн келечегин ойлогон патриоттук кадам. Мен өнүккөн өлкөдө жүрүп, Кыргызстанга келгенде чарчап калган машиналарды көрүп ыйлагым келген, качан биз элге окшоп жаңы машиналарды өлкөнүн көчөлөрүнөн массалык түрдө көрөбүз, качан эл чалдыбарларды эмес, заводдон машинаны айдап чыгып кетет жеткиликтүү баада деп ойлонуп жаткан учурда ушул кызмат сунушталды. Өзбекстан машина чыгарат. Ал сунуштар алгач бизге келген. Биз дагы СЭЗдин алкагында бир гана көз көнүп калган транспортторду эмес, заманбап электрокар, гибрид машиналарды чыгарып, банктар менен келишим түзүп, карапайым калкка узак мөөнөттө төлөө шарттары менен жалпы элди жаңы унаалуу болуу мүмкүнчүлүгүнө жеткирсек болот. Бул бир багыттагы өндүрүштөн мисал. 
Учурда кыргыздын уул-кыздары дүйнөнүн ар кайсы бурчунда эмгектенишет. Ошол мекендештерибиз аркылуу Кыргызстанга эркин экономикалык аймакка түрдүү багытта өндүрүш менен алек болгон инвесторлорду тарта турган мезгил келди. Буга Өкмөт/бийлик болгон аракетин жумшап, мурдагыдай бюрократиялык, коррупциялык тоскоолдуктарды жоюуга бел байлап турат. Андыктан, баардык патриот инсандарыбызды болгон билген инвесторлорду СЭЗ Бишкекке тартууга чакырам. Силердин жардамыңар менен биз инвестициялык маанайды, өндүрүштү, экономиканы жакшырта алабыз, жаңы жумуш орундарын түзүүгө себепчи боло алабыз. Андыктан, СЭЗ Бишкекке эч кандай тоскоолдугу жок баардык мекендешибиз дүйнөнүн ар кайсы бурчунан завод-фабрикаларды салганга инвестор тартаа алаарын айтып, мен ар дайым ушул фейсбук аркылуу баардык сунуштарды талкуулоого даяр экенимди айта алам. 
Бүткүл дүйнөлүк пандемия учурунда өндүрүш катуу соккуга кабылып, андан сырткары мыйзам жактан болгон бут тосуулардын айынан СЭЗ Бишкектин субъекттеринин көбүнүн иши токтоп турганын эске алганда биз ишти кайрадан баштап жаткандай эле жагдайда турабыз. Андыктан, мага суктанууга да болбойт, пандемияда жарадар болгон жерге бардым. Көралбастык кылуу - өлкөгө кыянаттык кылууга барабар. Анткени, биздин иш алга жылбаса, кыргыз экономикасынын иши алга жылбашы мүмкүн. СЭЗ Бишкек - инвесторлорду алып келчү кыргыз экономикасынын кол булгагычы",-деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter