У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаров: «Жетим-Тоо кенин сырьесун берип, Кытайдын карызынан кутулуу жөнүндө сөз болгон»


Кытайдын карызынан кутулуу үчүн Жетим-Тоо кенин сырьесун берүү туурасында сөз болгон, бул сүйлөшүүлөр азыр да уланууда. Бул тууралуу президенттин милдеттин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттердин суроосуно жооп берип жатып билдирди. 
 
«Жетим-Тоодо азыр темирдин беш миллиард тоннадан ашык запасы бар. Бул - 50 миллиард доллардын тегерегиндеги сырьелук запас. Сырьесун берип кутулсакпы деген сөз болгон. Азыр да ошол сөз уланып жатат. Эгер ошону менен кутула турган болсок бир да чет мамлекеттин катышуусу болбойт»,-деди Жапаров.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter