У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


№47 колонияда рак менен ооруган 60 жаштагы жаран каза болду


 №47 түзөтүү абагында 60 жаштагы Алымжан Гупуров рак илдетинен каза болду. Бул тууралуу маркумдун эжеси 24.kg агенттигине билдирди. 
 
Анын айтканына караганда, маркумга диагноз ушул жылдын март айында коюлган. Анын абалы оор экенине, илдет акыркы стадиясына жетип калганына, жакындарынын аны бошотуусун суранганына карабай, маркумду бошотушкан эмес. 
 
«Менин байкем 10-ноябрда каза болду. Бир жума мурда аны Онкология жана гематология борборуна текшерүүгө алып барышкан. Ал ошондо эле баса албай калган болчу.  Баласы аны дарыгерге чейин көтөрүп чыгалы деп суранды. Бирок алар макул болушкан жок. Бизге эч кандай медициналык документтерди көрсөткөн жок. Байкебиз 2016-жылы баӊги заттына байланыштуу соттолгон эле, 2020-жылы март айында ага рак деген диагноз коюлган болчу»,-деп билдирген маркумдун эжеси
 
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулган чырына байланыштуу Алымжан Гупуровду бошотууга мүмкүн болгон эмес. 

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter