У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: "Маданият кызматкерлерине акысыз батир берүү келишими түзүлдү"


Маданият министрлиги маданият кызматкерлерин акысыз турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштерин баштады. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Маалыматка караганда  маданият кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо жана материалдык-моралдык колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Бренд Хаус” курулуш компаниясы менен маданият кызматкерлерине  акысыз батир берүү келишимин  түздү.

Келишимге 2020-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана “Бренд Хаус” курулуш компаниясынын башкы директору  Нурлан Эшбаев  кол коюшту. 

 Келишимге ылайык “Бренд Хаус” курулуш компаниясы үч жылдын ичинде курулуп жаткан курулуш объектилеринин ар биринен акысыз бир бөлмөлүү бирден батир берүүгө милдеттенет.

Тандоо процедурасы:
Эки тарап түзгөн атайын комиссия турак жайга муктаж болгон талапкерлердин тизмеси менен протокол түзүүгө милдеттенет.
Протоколго кирген кызматкерлердин арасынан  "чүчүкулак тартуу" принциби боюнча эки кызматкерди тандалат.
Тандоо  "сокур чүчүкулак”  түрүндө өткөрүлүп,  кызматкерлердин катар номерлерине туура келген сандары бар, тунук идишке аралашкан шарлар лот катары колдонулат.

Батирдин биринчи ээсин аныктоо алгач, “Бренд Хаус” курулуш компаниясынын, экинчиси Министрликке таандык болот.
Батирлерди бөлүштүрүү боюнча  чүчүкулактын протоколуна эки тараптан эки же андан көп өкүл кол коёт.
Келишимдин формасы жана батирлерди акысыз өткөрүп берүү шарттары Курулушчунун каалоосу боюнча турак жай алууга адамдардын макулдугу тандалган учурдан тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде аныкталат.

Тийиштүү тандоо жол-жоболорун даярдоо жана өткөрүү үчүн, Куруучу  Министрликке батирлерди бекер өткөрүп берүүдөн 3  ай мурун кабарлоого милдеттүү.
Турак жайга катышуучулар үчүн тандоо критерийлери
- Катышуучунун жашы турак-жай алган учурда 30 жаштан жана 65 жашка чейин.
- Жалпы эмгек стажы кеминде 5 жыл же азыркы иштеген жериндеги иш стажы кеминде 3 жыл. (Маданият тутумунда 5 же андан ашык жыл иштеген катышуучуларга артыкчылык берилет).
- Катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын жеке турак жайы жоктугу эске алынат.
- Катышуучудан, катышуучунун жубайынан жана жашы жете элек балдарынан арыз берилген датага чейинки акыркы 3 жыл ичинде турак жай менен кандайдыр бир жарандык бүтүмдөрдүн жоктугу.
- Катышуучулардын арыздарын кароодо турак жайга артыкчылыктуу укук төмөнкүлөргө берилет: 5 же андан көп балалуу үй-бүлөлөр; ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды тарбиялаган адамдар, 3 жана андан ашык балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелер; 1,2,3,4 - топтогу майыптар; жеке турак жайы жана жер тилкеси жок, маданият, искусство жаатында жөндөмүн көрсөтүп, эл аралык фестивалдарда жана сынактарда байгелүү орундарды ээлегендер.
- Катышуучунун соттуулугу жок болушу керек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter