У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн 2 жерде митинг болду. Бири оору менен алышкандар, бири почта кызматкерлери


Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектин 2 жеринде нааразы болгондор митингге чыгышты. Алардын бири  "Кыргыз Почтасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери.

Митингчилердин негизги талабы айлык маянаны көтөрүү жана ай сайын берилчү премияларды калыбына келтирүү.
Аталган ишкананын кызматкерлеринин айтымында, пандемия учурунда ар кандай шылтоолор менен аларга ай сайын төлөнчү премия алынып салынган.

Ал эми экинчи митинг Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында өттү. Гепатит оорусу менен жабыркагандар, алардын жакындары Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышып, аталган дарт менн жабыркагандар үчүн дары-дармектин баасынын кымбаттыгы, лабораториялык изилдөөлөрдүн кымбаттыгы, гепатит дарты көбөйүп жатканы жана чет өлкөдө жасалчу операциялардын баасын арзандатып берүү боюнча маселелерди айтышты. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter