У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ноябрь айында 38 бала коронавирус илдети менен катталды

    
Ноябрь айында Бишкек шаарында 1055 адамдын вирус жуктуруп алганы аныкталган.  Алардын ичинен 38и 14 жашка чейинки балдар болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.
 
Анын айтканына караганда, вирус жуктуруп алган 38 баланын 19у өздөрү медицина кызматкерлерине кайрылган, калганы текшерүү учурунда аныкталган. 
 
«25 баладан текшерүү учурунда коронавирус илдетинин белгилери байкалды, 13 балада оору симптомтору жок өткөн. 30 бала амбулатордук дарылануудан өттү, 2 баланы ооруканага жаткырдык. Балдар арасында коронавирустан каза болгон учур катталган жок»,-деп билдирди Кундашев.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter