У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустан 90 пайыз коргой турган вакцина чыкты


Окумуштуулар коронавирустан 90 пайыз коргогон вакцина иштеп чыкканын жарыялады. Вакцинаны америкалык Pfizer корпорация менен германиялык фармацевтикалык BioNTech компаниясы биргеликте иштеп чыккан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
 
Маалыматка ылайык, вакцинаны клиникалык сыноодөн өткөрүүгө ар кайсы өлкөдөн 43538 адам катышкан. Вакцина алган адамдарда эч кандай тескери натыйжалары байкалган эмес. 
 
Учурда вакцинаны иштеп чыккандар тез арада сертификат алуу үчүн арыз бергени турат. Жаңы вакцина менен ноябрдын соңунан тарта эмдөөнү баштаса боло турганын жана бул вакцина менен карантин чаралары жоюлушу мүмкүн экенин окумуштуулар айтышууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter