У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экс-министр Космосбек Чолпонбаев операцияга акча издеп жатат


 
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жүрөгүнө операция жасоо зарыл. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдирди. 
 
«Азыр ага кымбат баалуу операция жасоо зарыл болуп турат. Эгер ал каражат маселесин бүгүн же эртеӊ чечпесе, биз аны кайра абакка жөнөтөбүз. Чолпонбаев каражат маселесин шейшемби күнгө чейин чечем деп айткан. Бирок бүгүн жумуш күн эмес, эгер ал эртеӊ маселени чечпесе биз аны СИЗОго жөнөтөбүз»,-деди Сарыбаев. 
 
Эске салсак, Чолпонбаев Улуттук кардиология борборуна 22-октябрда келип жаткан. 
 
Космосбек Чолпонбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан 15-сентябрда кармалган. Ага «Шалаакылык» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter