У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Медкызматкердин наристени чачынан сүйрөп, керебетке ыргыткан видеосу тарады

 
Новосибирсктеги медициналык мекеменин биринде иштеген медайым наристени чачынан сүйрөп келип, керебетке ыргытканы видеого тартылып калган. Ал видео соцтармакка тарап, элдин кызуу талкуусун жаратты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
 
Видеонун авторунун айтканына караганда, медайымдын наристелерге жасаган орой мамилеси биринчи жолу гана болуп жаткан жок.
 
Аталган видео коомчулукка чыккандан кийин тергөөчүлөр медкызматкерге кылмыш ишин козгошкон.
 
Ал эми медайым өзүнүн башкы дарыгерге жазган түшүнүк катында, наристе тайгаланып кеткенде, ал чачынан кармап калганын түшүндүргөн. Кесиптештери анын жакшы кызматкер экенин айтышкан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter