У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: «Инвесторлор менен иш алып барууда пара алууга жол берилбеши керек»

  Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы «Билим булагы» билим берүү комплексине барды.

Белгилесек, билим берүү комплекси «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан демөөрчүлөрдүн эсебинен жетим балдар үчүн курулган, бирок ар-кыл бюрократиялык себептерден улам аны мамлекеттин балансына өткөрүп берүү мүмкүн болгон эмес.

Садыр Жапаров комплексти карап чыгуу менен Билим берүү жана илим министрлигине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго обьектти мамлекеттик баланска өткөрүү боюнча чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

«Биз инвесторлор үчүн ачык болуп, алар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Инвесторлор менен иштөөдө бюрократиялык тоскоолдуктарга, пара алууга жол берилбейт. Эгер ар бир мамлекеттик орган алар менен өз деңгээлиндеги диалогду ачык жүргүзсө, инвесторлор Кыргызстанга келет», - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле аталган комплекс бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалганын жана кесиптик билим берүү мекемеси катары колдонууга даяр экендигин белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу сөзүнүн соңунда  фонддун өкүлдөрүнө аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.        


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter