У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экс-премьер-министр Абылгазиевдин жакындарынын жүздөгөн батирлери жана башка мүлктөрү


Кечээ, 6-ноябрда Kaktus.media Кыргызстандын экс-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана анын жакын туугандарынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн тизмесин жарыялады.

Абылгазиевдин жакын туугандары:

Жубайы – Абазбекова Чолпон Сабырбековна, 1972-жылы туулган;

кызы – Дүйшекеева Ажар, 1996-жылы туулган;

кызы – Дүйшекеева Саадат, 1999-жылы туулган;

уулу – Дүйшекеев Абийир Мухаммедкалыевич, 2005-жылы туулган;

бир тууганы – Абылгазиев Калыйнур Дүйшекеевич, 1954-жылы туулган;

бир тууганы – Абылгазиев Сооданбек Дүйшекеевич, 1959-жылы туулган;

бир тууганы – Абылгазиев Азизбек Дүйшекеевич, 1962-жылы туулган;

эжеси – Абылгазиева Жылдыз Дүйшекеевна, 1961-жылы туулган;

эжеси – Абылгазиева Кундуз Дүйшекеевна, 1964-жылы туулган.

Белгилей кетсек, Абылгазиевдин жээни Асыл Калыйнурович Абылгазиев бизнес өнөктөштөрү менен биргеликте Бишкекте жүздөгөн батирлерге ээ, ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзүндө эч кандай мүлк жок.

Абылгазиевдин жубайы Чолпон Абазбекованын мүлкү: 2005-жылы чыгарылган Lexus GX 470 автоунаасы, эки унаа токтотуучу жай жана Малдыбаев көчөсү 3/2 дарегиндеги батир.

2013-жылы Мамлекеттик кадр кызматы ошол кездеги Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев 2012-жылы 509 190 сом киреше тапканын, бирок расмий түрдө андан башка эч нерсеси (үйү дагы, унаасы дагы) жок экенин билдирген. Ал эми анын жакын туугандары ушул эле мезгилде 14 миң сом гана иштеп тапкан жана аянты 183 м² болгон батири гана бар болгон.

2017-жылдын декларациясында ал биринчи вице-премьер-министр кызматын ээлеп турганда 2 миллион 367 миң сом киреше тапкан. Декларацияда чыгымдар көрсөтүлгөн эмес. Анын 4 миллион 166 миң сомдук мал-жандыгы болгон. Жакын туугандарынын аянты 278 чарчы метр болгон үйү болгон.

2018-жылы премьер-министрдин кирешеси 826 миң 461 сомду түздү. Активинде: 600 миң сомго 52 жылкы, 880 миң сомго 22 уй жана 2 млн 96 миң сомго 524 баш майда бодо малга ээ болгон.

Жакын туугандарынын 278 чарчы метр үйүнө эки унаа токтоочу жай (15,30 м² жана 15,20 м²) кошулган.

Жакын туугандарынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү:

– Чүй облусунун Сокулук району (контур №74) дареги боюнча айдоо аянты Азизбек Абылгазиевдин бир тууганына катталган;

– Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылындагы Разное көчөсүндөгү турак-жай эмес жай Азизбек Абылгазиевге катталган;

– “Көк-Жар” конушундагы Көк-Жайык көчөсүндөгү турак үй эжеси Кундуз Абылгазиеванын атына катталган;

– Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы айдоо аянты, Орто-Ноолу участогу иниси Калыйнур Абылгазиевдин атына катталган;

– Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы айдоо аянты, Кара-Ой №179 участкасы Калыйнур Абылгазиевге катталган;

– Жогорку Орок айылындагы турак жай имараты Соодонбек Абылгазиевге катталган;

– Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы сарай Ийри-Суу участкасы Абылгазиев Адилетке катталган;

– Бишкек шаарындагы Түндүк көчөсүндөгү турак үй Абылгазиева Сайкал Калыйнуровнага катталган.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин эң бай жээни

Асыл Калыйнурович Абылгазиев, 1980-жылы туулган. Ага Азунбаев көчөсү 165 дарегнидеги жер тилкеси катталган.

Курулуп жаткан бул аянтта Асыл Абылгазиев, “Залкар Строй Инжиниринг”  курулуш компаниясы жана башка жеке адам бардык батирлерге жана турак эмес жайларга ээлик кылышат.

Эске салсак, буга чейин ошол эле жерде объекттин курулушу “Мастер Групп” курулушш компаниясы тарабынан жүргүзүлмөк.

Сотни квартир и других помещений родственников экс-премьера Абылгазиева (видео)

– Аалы Токтоналиева көчөсүндөгү 6а үй, 4 батир катталган.

– Малдыбаев көчөсүндөгү 3 турак эмес жай.

– Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы Эрденеев көчөсүндөгү 2 жер тилкеси;

– Чок-Тал айылындагы С.Кадыров көчөсүндөгү №97 үй.

– Лев Толстой көчөсү 79 дарегиндеги 2 кабаттуу имарат (Асыл Абылгазиев 2007-жылдан бери ээлик кылат).

Сотни квартир и других помещений родственников экс-премьера Абылгазиева (видео)– Чоң-Сары-Ой айылындагы курорттук аймакта жайгашкан Ак-Марал пансионатындагы премиум класстагы коттедж.– Сухомлинов 36/1 дарегиндеги имарат, гараж, унаа токтотуучу жай;– Бостери айылындагы курорттун аймактагы жер тилкеси.Белгилей кетсек, Асыл Абылгазиевдин негизги активдери 2017-жылы алынган.

Абылгазиевдин жээнинин версиясы

Kaktus.media Асыл Абылгазиев менен байланышканда, ал көп жылдан бери ишкерлик менен алектенип жүргөндүгүн, Ахунбаев 165 дарегинде  жүз батири бар экендигин четке какты.

Ал көп жылдар мурун жер тилкеси бар үйдү курулуш компаниясына сатып жибергенин, анын ордуна бөлмө сураганын, бирок курулуш компаниясы убадасын аткарбай койгонун түшүндүрдү. Көп жылдар өткөндөн кийин, соттун жардамы менен, ал өзүнүн мүлкүн кайтарган, учурда ал жердеги имарат “Залкар Строй” курулуш компаниясы тарабынан курулган,  жер участогунун ордуна, биринчи кабатындагы жай берилген.

“Ооба, менде мүлк көп, бирок мен баардыгын өз эмгегим менен таптым. Менин насыяларым көп, жер тилкелерин сатып алып, кайра сатам” – деди ал.

Ал бардык мүлк боюнча документтери бар экендигин белгиледи. Асыл Абылгазиев Нарын облусуна белгисиз мөөнөткө кетип жаткандыктан, жолугушуудан, документтерди көрсөтүүдөн баш тарткан. Анын жардамчылары жана адвокаттары да бош эмес экен. Ишкер ар бир мекемедеги аянты канча экендигин так билбейт.

“Ошондой эле Лев Толстой көчөсүндө эки кабаттуу имарат бар, анын жалпы аянты, ошондой эле башка батирлер, гараждар, унаа токтотуучу жайлар эсимде жок. Мен Лев Толстой көчөсүндө имарат ижарага алам” – деди Асыл Абылгазиев.

Асыл Абылгазиев андан кыймылсыз мүлк жөнүндө сураганына ачууланып, муну кемсинтүү катары эсептеди. “Керек болсо сотто же тергөө органдарында баарын далилдей алам” – деди ал.

Булак: Kaktus.media






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter