У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Путин Президенттикке кайрадан аттанса болот



Орусиянын Конституциясына киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Владимир Владимирович Путин 2024-жылы президенттикке кайрадан талапкерлигин коё алат. Мындай өзгөртүүнү Орусиянын мамлекеттик думасы жактырды. Тактап айтканда, 10-мартта сунушталган өзгөртүүлөрдү 380 депутат колдоп, 43ү каршы чыкты. 
 
Добуш берүүнүн алдында Путин мындай сунушка "Конституциялык сот жактырган шартта макул болорун" айтты.

“Мындай вариант болушу мүмкүн. Бирок Конституциялык сот мындай өзгөртүү Баш мыйзамдын принциптерине жана негизги жоболоруна каршы келбейт деп расмий тапса гана ишке ашырылышы керек”, - деди Путин.

Эске салсак, Путиндин бийлик башында турганына 20 жыл болду. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter