У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖАМК: "Мурдагы ажону сүрөткө тартып алгандар жазаланды"


Соцтармактарга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин  абакта соттолгондор менен сүйлөшүп турган сүрөтү желдей тараган. Аталган сүрөт боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы үн катты. 

ЖАМК билдиргендей, сүрөт 5-ноябрь күнү болжол менен саат 16:10дор чамасында №47 колонияда, кечки текшерүүдөн кийин Атамбаев башка соттолгондор менен сүйлөшүп турган учурда тартылган.

"Текшерүү учурунда абакта жаткан 26 жаштагы кишиден телефон табылган. Ал буга чейин Кылмыш кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү боюнча 30 жылга эркинен ажыратылган. Жанында өзү менен жашташ дагы бирөө болгон. Ал дагы Кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык, 17 жылга соттолгон. Мурдагы ажону сүрөткө тартып жарыялаганы үчүн Жаза аткаруу кодексинин 118-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, алар айып изоляторуна 15 суткага киргизилген", — деп айтылат маалыматта.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter