У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өмүрбек Бабанов: «Президенттик шайлоого катышпайм, Жапаровдун талапкерлигин колдойм»


Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышпайт, ал Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдойт. Бул тууралуу саясатчы фейсбуктагы баракчасына жазды.  Текст өзгөртүүсүз берилди. 

«Улуу урматтуу Кыргызстандыктарым!
Өлкөбүздөгү саясий-экономикалык абал курч экендигин бардыгыбыз көрүп турабыз.
 5-октябрда элди толкуткан кесепеттерди түп-тамырынан жоюп, тезинен өнүгүү жолуна түшүүгө бизде мүмкүнчүлүктөр бар! 
Кечээ Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө алаарына окшош пикирде экендигибизди ачык көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабастыгын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм.
Конституциялык реформаны да кеңири сүйлөштүк. Эң негизгиси, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун түзүү керек. Сот системасынын толук кандуу көз карандысыздыгын камсыздап, парламентти күчтөндүрүү керектигине так түшүнүк бар
Мени колдоп келген бардык адамдарга, тилектештериме ыраазычылык билдирем! Партиялаштарым менен акылдашып, Кыргызстандын Президентинин кызматына өз талапкерлигимди алып чыкпоону чечтим. Садыр Нуркожоевичтин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алдым»,-деп жазды Бабанов. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter