У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаровдун Оштогу сапарында көтөрүлгөн мафия маселесинин Сүйүнбек Өмүрзаковго тиешеси жок


 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевичтин Оштогу мафияга тиешеси бар деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Эскерте кетсек, 3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургун Кайназар Идрисов Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун жакындарына нааразычылыгын билдирип, алар Ош шаарында өзүлөрүнүн мафиясын түзүшкөнүн айткан.Белгилүү болгондой, эл арасында тарап жаткан аталган провокациялык маалымат чындыкка дал келбейт.
 
Бул окуя тууралуу биздин редакциябызга Сүйүн Өмүрзаков төмөндөгүдөй билдирди:
 
«Мен Идирисовдордун үй-бүлөсүн жакшы тааныйм. Кайнзардын Манас жана Адыл деген агалары бар. Алар менен достук мамиледебиз. Алардын мага жеке кайрылбаганынан таң калып жатам”, — деп белгиледи Өмүрзаков.
 
«Биз Сүйүн Абдылдаевичке Кайназар Идрисов өзү бул суроо менен буга чейин кайрылганбы жана бул тууралуу кайдан билди деген суроо менен кайрылдык.
 
Жок, Идрисовдордун бирөөсү дагы мага кайрылган эмес. Бул окуя тууралуу мен башка адамдардан билдим, жайында мага эки авторитеттүү адам   кайрылып, аталган окуяга тиешем барбы же жокпу сурашкан. Мен өзүмдүн жана инимдин карьерге дагы, коопсуздук агенттигине дагы тиешебиз жок экенин айткам”, — дейт Сүйүн Абдылдаевич.
 
Белгилей кетсек, Идрисов сөз кылган «Мухаммад-Умар» спорттук клубу – көзкарандысыз жеке компания. Экинчиден, Улукбек Өмүрзаков маалыматтарда айтылган күзөт компаниясынын ээси дагы эмес, спорт клубунун мүчөлөрү кароолчунун милдетин гана аткарышкан.
 
Элнура Өмүрзакова тууралуу айта турган болсок, ал укук коргоо органдарында көп жыл эмгектенген. Эгер анын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар боло турган болсо, көзөмөлгө алчу органдар бар.Демек, жалган маалымат тараткан адамдардын өзүн жоопкерчиликке тартуу керек. Болбосо, алар эл үчүн иштеп жаткан адамдардын репутациясына доо кетирүүнү мындан ары дагы уланта берет.
 
Ошондуктан, укуктук чөйрөдө коомдогу негизсиз жалаа жабууларды токтотуу керек, бул үчүн укук коргоо органдары тыкыр иликтөө жүргүзүп, адамдардын ар-намысын жана кадыр-баркын түшүргөн жалган маалымат таратуучуларга катуу чараларды көрүшү керек.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter