У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров чет өлкөнүн жетекчилери менен жолугушуу уюштура турган лобби компанияга 1 млн. доллар төлөйт

Садыр Жапаров башында турган Кыргыз өкмөтү канадалык лобби компания менен 1 млн долларга келишим түздү. Келишимдин шартына ылайык, ал компания Жапаровду башка өлкөлөрдүн расмийлери менен болгон жолугушуусун уюштурат. Бул кызматы үчүн лобби компаниясына Кыргыз өкмөтү тарабынан 1 млн доллар төлөнүп берилет. Бул тууралуу «Foreignlobby.com» басылмасы жазып чыкты.
 
Басылманын жазган маалыматына караганда, канадалык компания президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруу милдетин алган. 
 
Ал компаниянын жетекчиси Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери Ари-Бен Менаше болуп саналат.
 
 «Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экономикалык кризистен улам чет өлкөлүк донорлордон каржылык жардам алуу максатында бир миллион долларлык келишимге кол койду. Кыргыз өкмөтү 30-октябрда Израилдин мурдагы аскер чалгынчысы Ари Бен-Менаш менен макулдашып, Бен-Менаштын Монреалда иш алып барган «Dickens&Madson Canada» компаниясы менен келишим түздү. Келишимге ылайык, Ари-Бен Менаше кыргыз бийлигин АКШ менен Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн мамлекеттик кызматкерлери менен жолугушууларды уюштуруп, экономикалык кызматташтык, коопcуздук, COVID-19 менен күрөшүүдө жардам алуу, тышкы карыздарды төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүнү ишке ашырмакчы. Бул кызматын компанияга 1 миллион долларга баалап, кыргыз тарап 500 миң долларын төлөгөнү документтерде тастыкталды»- деп жазат «Foreignlobby.com» басылмасы. 
 
Кыргыз өкмөтүнүн атынан бул келишимге Абдыманап Карчыгаев кол койгон. Ал Бишкекте катталган «Реннесанс» агрардык-өндүрүш корпорациясынын ээси.  
 
Абдыманап Карчыгаевдин уулу, «Реннесанс» корпорациянын жетекчиси Алтынбек Карчыгаев жогорудагы келишимге кол коюлганын, иштин майда-чүйдөсүн атасы билерин «Азаттыкка» айткан.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Foreignlobby.com» басылмасы жазып чыккан маалыматка премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter