У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр: "Санитардык талаптарды депутаттардан баштабасак абал июлдагыдан оор болот"


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев санитардык норманы биринчи кезекте Жогорку Кеңештин депутаттары сакташы керектигин билдирди.

"Жакын арада Стамбулда COVID-19 боюнча эл аралык конференцияга катышып келдим. Ошол жерде илдетти биринчи кезекте алдын алуу керектиги белгиленди. Баарыбыз биригип чогуу күрөшпөсөк, коронавируска уттуруп коебуз. Биринчилерден болуп депутаттар, сиздер, Саламаттык сактоо министрлиги берген көрсөтмөнү сактасаңыздар. Элдин баары сиздерди карап жатат. Мен өкмөттүн баарына бет кап тактырып, аралыктан иштөөгө өткөрүп жана академиктерге түшүндүрүү иштери менен телевидениеден кайрылуу жасатып жатам. Эгер алдын алуу чараларын көрбөсөк, күчөтүп токтото албай калабыз", — деди Бейшеналиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter