У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үч эмге Жапар, Садыр, Нуркожо деген ысым берген ата-эне талкууга жем таштады


 
29-октябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун (№6 төрөт үйү) перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келген. Үчөө тең эркек балдар.
 
Бүгүн, 4-ноябрда, төрөт үйүнөн үйгө чыккан үч эмдин энеси, 21 жаштагы Сезим Ырысбек кызы, журналисттерге ымыркайларга Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдар берилгенин билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди ата-эне Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровго урмат көрсөтүү максатында ыйгарышкан. 

Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары ким өлкө башчысы болсо анын ысымын балдарга ыйгара берүү жагалданууга жатаарын айтышып, ата-эненин бул кадамын Жапаровдон бир нерсе үмүт  этүү катары баалап жатышат.

Кандай болгон күндө да бөбөктөрдүн бешик боосу бекем болуп, эл керегине жараган уулдардан болуп өсүшсүн дейли...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter