У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Зарылбек Рысалиев: «Ак үйдү «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары оӊдосун»


 Бул тууралуу ЖКнын депутаты Зарылбек Рысалиев бүгүн, 4-ноябрдагы депутаттардын жыйынында билдирди. 
     
«4-октябрдагы шайлоодо жеңип чыккан үч партиянын «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» партияларынын мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы болуп, эл митингге чыгып, жыйынтыгында Жогорку Кеңештин имараты талкаланган. Сиз азыр «ЖКнын имаратын оңдош керек» деп жатасыз. Аны элдин эсебинен эмес, элдин толкундоосуна себеп болгон ушул үч партиянын эсебинен оңдойлу. Сиз талапкер болгон «Кыргызстан» партиясы да элдин нааразычылыгына себепкер болгон», -деп ЖКнын төрагасы болуп шайланган Талант Мамытовго кайрылды. 
 
Зарылбек Рысалиевдин сөзүнө депутат Евгения Строкова каршы чыгып, «Мен  эч кимге акча берген эмесмин жана парламенттин имаратын оӊдоого эч нерсе бербейм»,-деди. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter