У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Башкы прокуратура: "Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш иши козголгон эмес"


Мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш иши козголгон эмес. Мындай маалыматты бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев жыйында айтты. Ал пандемия шартында чет элден келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 6 иш козголгонуна токтолду. 

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлерине карата дары каражаттарын сатуу боюнча кылмыш иши козголду. Ишти Финпол карап жатат. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш иши козголгон эмес. Эгер тергөө анын катыштыгын аныктаса жоопкерчиликке тартылат", - деди Зулушев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter