У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Маданият өкүлдөрү кинотеатрларды ачуу талабын коюп жатышат


Бүгүн, 3-ноябрь күнү маданият өкүлдөрү, продюсерлер жана режиссёрлор катышкан маалымат жыйын өттү.  Алар  кинотеатрларды ачууну талап кылышты.  

"Коронавирус деген илдет менен күрөшүп жатабыз. Арабыздан бир топ көрүнүктүү инсандарыбызды жулуп кетти. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда дагы элдин духун көтөрүү максатында кинотеатрлар иштеп турган. Себеби согуш болуп турган учурда элдин деми жашашы керек. Азыр элдин маданий, руханий деңгээли ачка болуп жатат. Биз ушул демилгени көтөрүп чыкпасак мындан дагы социалдык толкундоолор күчөй бериши мүмкүн. Бүгүнкү күндө ушул тармакка көңүл бурбасак келечегибизге чоң кооптонуу жаралат деп кайрылуу жасап атабыз", - деди режиссёр Эрнест Абдыжапаров.

Эскерте кетели, кинотеатрдар акыркы 8 айдан бери иштебей жабык турат. Кыргызфильм киностудиясы бир жылда 15-20 тасма жаратат, учурда тасма тартуу токтоп турат. Өткөн жылы Кыргызфильмден мамлекетке 10 миллион сомдой киреше түшкөн.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter