У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бажы кызматы: "Мыйзамсыз ташылган автоунаалардан бюджетке 81,7 миллион сом түшпөй калган"


ЕАЭБдин аймагына мыйзамсыз ташылган автоунаалардан бюджетке 81,7 миллион сом түшпөй калган. Бул туурасында Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз ташып келинген 52 автоунааны аныкташты. Бул фактылар боюнча өлкө бюджетине келтирилген зыяндын суммасы 81 742 282 сомду түзөт.

Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө өткөрүп берилди.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter