У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түлөбаев: "Бишкекте COVIDдун 2-толкунунун чеги 15-20-ноябрга туура келет"


Бишкекте коронавирустун экинчи толкунун эң жогорку чеги 15-20-ноябрь аралыгында болот деп күтүлүүдө. Бул тууралуу божомолду шаар жетекчисинин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, калаада  COVID боюнча абал оор деп айтууга болбойт.

"Коронавирус жуктургандардын саны боюнча эң жогорку көрсөткүч ноябрь айынын ортосуна туш келет. Эгер ошол учурда деле абал азыркыдай болсо, демек экинчи толкундан мурункуга салыштырмалуу тынчыраак өтүп кетебиз. Мурдагыдай шаарды жаап сала албайбыз, эл кыйналып кетет. Азыр бизди бет кап менен санитайзерлер гана сактап кала алат”, — деди ал.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter