У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдүн жаңы башчысы жамаатка тааныштырылды


2-ноябрда вице-премьер-министр Максат Мамытканов Ысык-Көл облусунун активине өкмөттүн аймактагы жаңы дайындалган өкүлү Элчибек Жантаевди тааныштырды.

47 жаштагы Элчибек Жантаев ушул жылдын июль айынан тартып өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин төрт жыл Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары болгон.

Ал өз эмгек жолун Ак-Суу районунун Дзержинск совхозунда эсепчи болуп баштаган болчу. Буга чейин Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Балбак Түлөбаев иштеп турган.

Ал өткөн жумада Бишкек шаарынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter