У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кант шаарында күзөтчүнү сабап, банкоматты тоноп кеткендер колго түштү


Кант шаарында бет капчан белгисиз адамдар түнкү саат 3:00дөр чамасында күзөтчүнү сабап, коммерциялык банктын банкоматын талкалап, 1 400 000 сомду алып из жашырган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда окуя 21-октябрда болгон.

Райондук милиция издөө иштерин жүргүзүп, тоноо болгон имараттагы адамдар суралып, тегеректеги коюлган камералардагы видеолор тыкыр текшерилген.

Бир нече күндөн кийин жиптин учугу табылып, шектүү делген 35, 28 жана 21 жаштагы жарандар Бишкек шаарынан колго түшкөн.
Кармалгандар кылгандарын моюнга алып, ал тоноодон башка Ысык-Ата районунун аймагында дагы бир катар чоочун бирөөлөрдүн мүлкүн уурдоо кылмыштарына катышкандыктарын айтып беришкен.

Учурда алар аталган райондун милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter