У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түлөбаев: "Гуля Алмамбетова менен иштеше албайм. Мүнөздөрүбүз туура келбейт."


Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп иштеп келген Гуля Алмамбетова иштен кетти. Бул маалыматты мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Балбак Түлөбаев тастыктады.

Ал Гуля Алмамбетова менен иштеше албай турганын ачык айтты.

"Гуля Алмамбетова жумуштан кетти. Мен ага чогуу иштешкенибиз үчүн рахматымды айттым. Ачыгын айтканда, ал киши менен иштеше албайм. Мүнөздөрүбүз туура келбейт. Мурун жалпы команда үчүн деп иштешип жүргөнбүз. Гуля Идиновна чыгып алып айткандарын өз абийирине койдум. Бирок ага дагы рахмат. Анткени ал дагы шаарга күйгөн бир жаран. Бактылуу болсун, аман болсун!", - деди Балбак Түлөбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter