У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Канат Исаев: «Төрагалыктан кетсем, президенттик шайлоого катышуу үчүн гана кетем»


Жогорку Кеӊештин төрагасы Канат Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол чогултулуп жатканы айтылууда. Бул туурасында Исаевдин да маалыматы бар.  Бирок ал кол коюлган баракчаны көрө элек. Бул тууралуу Исаев жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди. 
 
 «Эгер мен төрагалыктан кетсем, президенттик шайлоого катышуу үчүн гана кетем. Конституцияга ылайык, төрага Жогорку Кеңешти жетектеп турган учурда шайлоого катыша албайт», — деди Исаев.
 
Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык, төраганы кызматтан кетирүү маселеси Жогорку Кеӊеште эртеӊ каралат. Депутаттардын 70 кол чогултканы айтылууда. ЖКнын төрагасына ишеним көрсөтпөө үчүн депутаттардын 40 добушу керек, ал эми кызматынын кетирүү үчүн — 80 добуш талап кылынат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter