У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дүйшөбаев: "Бир кримтөбөлдү кармоо үчүн чоң шоу уюштурушту. Көлбаевди бүгүн же эртең абактан бошотушат"


Камчы Көлбаевди бүгүн же эртең абактан бошотушат. Бул туурасында бүгүн эртең менен Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан алынган Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

Отставкага кетери менен Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигине келген жаңы жетекчиликти сындады.

"Бир кримтөбөлдү кармоо үчүн чоң шоу уюштурушту. Бизге жеткен ыкчам маалыматтар боюнча, бүгүн же эртең сот бошотот. Болбосо аны камаш керек болчу. Эгер бошотпой койсо, криминал өлкөнүн жаңы жетекчилерине доомат коёт. Бирок күтө туруу керек, бул ыкчам маалымат. Ал такталган, ошол эле маалда такталбаган болуп калышы мүмкүн", — деди Дүйшөбаев.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter