У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бек Борбиев: "Балам Ханбото, бажыга жакында эле кирди. Райым билбесе да керек"


Ырчы Бек Борбиев уулу Ханбото Борбиевдин бажыдагы кызматы тууралуу түшүндүрмө берди.

"Менин балам Ханбото, бажыга жакында эле кирди, бир айдай болуптур. Курулуш компаниясында иштечү, конкурска көптөн бери катышып жүрүп, былтыр өткөн. Быйыл эми кезеги жетиптир. Азаттык Райымдын империясына кошуп койгон экен, суроолор көбөйдү, жооп берип коеюн.

Бото дежуркада отурат, жумушу ошол, 1 күн иштеп 3 күнү бош. Дал ушундай расписание үчүн киргем дейт, анткени жеке үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, башка да жумуштары бар. Райым билбесе да керек, баламдын бажыга орношконун.

Мен балдарыма тарбияны, атамдан кандай тарбия алган болсом, ошентип тарбиялайм. Атам мени достору аркылуу жумушка киргизген эмес, мен дагы антпейм. Вузду бүтүп жумушуна киргенде айткам, сенин фамилияң Борбиев, 1 сом взятка алсаң, менин 30 жыл кашыктап чогулткан абийиримди төгөсүң. Андыктан акчадан кыйналсаң мага кел, дегеле сарамжал жаша деп ата катары айтканым бар. Балдарым мени уят кылбай, элине атасындай, чоң ата дегеле жети атасындай кызмат кылат деген ниеттемин.

Атаныкы балага жукпайт, бала өзү жол салбаса атанын жолунан адашып кетет. Анткени ата түбөлүк баласынын жанында боло албайт 
Баланы тим коюш керек өз оюна, кыйналат, бирок өз жолун табып кетет.  Менин философиям ушундай, рахмат. Балдарга асылган бул өтө тайыздык" дейт ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter