У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2 айдан соң көз жармак. Ошто кош бойлуу аялын өлтүргөн жаран 2 айга камалды


Ош шаарында кош бойлуу аялын сабап жатып өлтүрүп алган жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралууОш ШИИБинин маалымат катчысы билдирди.

"Шектүү окуя болгон күнү мас абалда келип, ортодо уруш чыккан. Кошуналарынын айтымында, шектүү аялын жана кайненесин сабап, эшикти кулпулап кетип калган. Шектүү маркум аялын муштагылап, уруп сабагандыктан денесинин соо жери калган эмес. Аларды ажыратууга аракет кылган келиндин апасын да катуу сабаган. Учурда ал ооруканада оор абалда жатат. Шектүү тергөөдө аялы телефон чукулап отура бергени үчүн жана кайненеси менен бирге жашагандыктан ал "иштебейсиң, ичип келесин" деп уруша бергендиктен ушул ишке барганын айткан. Дарыгерлердин айтымында, маркум аял 2 аптадан кийин көз жармак. Алардын ортодо башка баласы жок . Тактап айтканда, алардын баш кошконуна жыл гана болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter