У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайиста Шатманованы Садыр Жапаровдун кишилери коркуттубу?


"Супер инфо" гезитинин мурдагы башкы редактору, учурда ЭлТР каналынын директору Шайиста Шатмановага белгисиз бирлөөр кол салуу аракетин кылышканын "Супер кж" маалымат порталы жазып чыкты. Маалыматка караганда Шатмановга бир нече эркек кишилер  Садыр Жапаровдун атын жамынып келип, анын иштен кетүүсүн талап кылышкан. 

"Бүгүн белгисиз бир нече эркек кишилер келип, кызматтан кетишимди талап кылышты. Өздөрүн Садыр Жапаровду коргоо уюмунун өкүлдөрүбүз, анын атынан келдик деп тааныштырышты. Бул албетте, акылсыздык жана провокация. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде мен ЭлТР каналынын башкы директорлук кызматына 16-октябрда бекитилгем. Анан мени кызматка бекиткен адам көчөдөгү кайдагы бирөөлөрдү жибермек беле?! Бул коркутуунун артында Садыр Жапаровдун тегерегиндеги анын кадрдык маселелерине кийлигишкен бирөө турушу мүмкүн. Ошондой эле анын коллективдин ичинде бүлүк салуу аракетин көрүп жаткандар менен байланышы бар болушу мүмкүн" дейт Шатманова.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter