У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: «Биз бизнести криминал менен ыплас атка минерлерден коргойбуз»


Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумуна катышты. Отурумда өкмөт башчы ишкерлерге кайрылды. 

«Урматтуу Инвестициялык кеңештин мүчөлөрү!

Урматтуу ишкерлер жана инвесторлор!

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!

Ушул кыйын кезде мамлекеттин жүгүн көтөргөн адам катары Сиздер менен жолугушуу мен үчүн өтө маанилүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумун өткөрүү – учурдун талабы.
 
Экономикада инвестициянын ролу өзгөчө мааниге ээ. Стабилдүү экономика, бизнестин туруктуу жана ачык иштеши – өлкөбүздүн жаркын келечегинин ачкычы. Тагыраак айтканда, инвестиция: 
 
- социалдык-экономикалык өнүгүүлөргө негиз болот,
 
- өлкөгө жаңы технологияларды алып келүү менен заманбап башкаруучулук тажрыйбаны камсыз кылат, 
 
- жаңы жумуш орундарын түзөт, 
 
- инвестициялар аймактардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт,
 
- өлкөнүн экспорттук кубаттуулугун жогорулатат.
Учурда мамлекетибиз масштабдуу өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Ошондуктан инвесторлорду, ишкерлерди, айрыкча чакан жана орто бизнести колдоо, алардын мыйзамдуу укуктарын жана мүлкүн коргоо максатында аткарыла турган иштерге токтолсом.
 
Биринчиден – өзүңөр билгендей, бул аптада мен расмий түрдө экономикалык мунапыс жарыяладым. Мунапыска өз ыктыяры менен катышкандарга – берген убадалар аткарылат.  Экинчиден: ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттер токтотулат. Бүгүнкү күндүн башкы милдети – ишкерлерди колдоо, коргоо жана инвесторлордун ишенимин кайтаруу.Үчүнчүдөн, бюджеттин тартыштыгы 28 млрд сом  менен кабыл алынган. Бирок мага келген маалыматтар боюнча реалдуу картина андан да жаман экендигин көрдүк. 
 
 Жакынкы арада бюджетибиз боюнча туура жана реалдуу чыныгы маалыматтарды ачыкка чыгарабыз. Ачык айтсам, жагдайыбыз жакшы эмес. Ошондуктан учурдагы ишкерлер боюнча иштердин актуалдуулугун карап, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берем:
 
- Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан түзүлгөн ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктар кескин азайтылсын, атайылап жасалган создуктуруулар кыскартылсын. 
 
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бизнес үчүн   оптималдаштырылсын. Ал үчүн Салык кодексине өзгөртүүлөр жана башка укуктук-ченемдик актылар боюнча документтердин пакети даярдалсын, керекпи – жаңы редакциялар дагы жазылсын. 
 
- Салык жаатында зарыл болгон бардык реформалар толук ишке ашырылсын.
 
- Бизнести жүргүзүү боюнча   эрежелерди жөнөкөйлөштүргүлө. 
 
- Экспортёрлорду колдоо боюнча конкреттүү механизмдерди киргизгиле.
 
- Жылдын аягына чейин орто жана чакан ишканаларга жеңилдетилген түрдө насыялоону кайра жандандыргыла. Мында бир дагы коррупциялык схемага жол берилбесин!
 
- Бажы жана фискалдык органдардын ишиндеги ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу бизнеске өз убагында жана токтоосуз маалыматтарды берип тургула.
 
- Бажы тармагындагы коррупциялык схемалардын баарын ачыкка чыгаргыла, бюджеттин кирешесин көбөйткүлө.
 
- Бажы системасына тез аранын ичинде автоматташтырылган программалык системаны ишке киргизгиле.  
 
- Тең атаандаштыкты жок кылган контрабандалык товарлар чек араларда катуу көзөмөлгө алынсын. 
 
- Банктык жана салыктык сырлардын, персоналдык маалыматтардын сырдуулугу катуу камсыз болсун.
 
- Өлкөдө дестабилизация жана Өзгөчө кырдаал режими учурунда жабыр тарткан ишкерлер менен инвесторлорго зыяндын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди берүү механизмдери    каралсын.
 
- Менчикти коргоо жана менчик ээлеринин укуктарынын кол тийбестиги боюнча мыйзамдык ченемдер күчөтүлсүн.
 
- Тышкы иштер жаатында: Кыргыз Республикасына укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлдеги ишенимди калыбына келтирүү максатында ырааттуу саясат жүргүзүлсүн.
 
Ал эми укук коргоо органдарына, анын ичинен Башкы прокуратурага өзгөчө тапшырмаларды берем:
 
- Биринчиден – ишкерлерге, инвесторлорго жана туристтерге эч кандай тоскооолдуктар болбосун.
 
- Жетекчилик кызматтарга өз алдынча мыйзамсыз дайындоолорго, рейдерлик тартып алууга, жерлерди басып алууга, өндүрүш объектилерине санкциясы жок кирүүгө, менчиктин формасына карабастан мекемелерге, уюмдарга карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерди жасоого жол берилбесин.
 
- Экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу боюнча милдеттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү карап чыккыла.
 
- Бизнестин ишине укук коргоо органдарынын негизсиз кийлигишүүсү жокко чыгарылсын. Башкысы – ишкерлер, инвесторлор корголсун!
 
Акыркы учурдагы бизнес чөйрөсүнө карата жасалган мыйзамсыз көрүнүштөргө өзүнчө токтолгум келет.
 
Тилекке каршы, учурда өлкөбүздө жаралган кырдаалдан пайдаланып, киреше алып келип жаткан Жер-Үй, Металл-Кен, Терек-Сай сыяктуу инвестициялык ишканалардын мүлкүн бүлүндүрүп кетишти. Бул окуялар ансыз да 2020-жылдагы COVID-19 пандемиясынан зыян тарткан экономикабызды – ого бетер оорлотту. 
 
Бирок биз элди туура түшүнүшүбүз керек. Аларды мыйзамсыз аракеттерге: жергиликтүү эл менен биргелешип иш алып барбагандык, аймактагы экологиялык маселелерде эл аралык талаптар сакталбагандык түрттү. Азыр эң башкысы – ишканадагы иш процессин токтотпой, тезинен ишке киргизүү зарыл болуп турат. Кырдаал жөнгө салынат. Бизге бир аз убакыт керек. Казылган кендердин бардыгын мамлекеттин пайдасына иштегендей кылабыз. Эки тарапка пайдалуу болгон келишимдер түзүлөт. Албетте, биринчи орунга элдин кызыкчылыгы коюлат. Өлкөнүн Президентинин милдетин аткаруучу адам катары мен – бардык жарандарды – ишкерлер менен бизнесмендерге карата мыйзамсыз кыймыл-аракеттерди жасабоого чакырам. Мен ар бир ишкерди, инвесторду коргоймун жана колдоймун!
 
Урматтуу мекендештер!
Экономисттердин прогноздору боюнча, экономиканын төмөндөшү 6 пайыздын тегерегинде болжолдонууда. Ошондуктан ар бирибиз экономикабызды көтөрүүгө жапа тырмак жардам беришибиз керек деп ойлойм. Жылдын аягына чейин кырдаалды оңдоп, экономикалык активдүүлүктү жакшыртабыз деген ниеттемин. Биз бизнести криминал менен ыплас атка минерлерден коргойбуз! 
 
Ансыз бизде киреше болбойт, ансыз биз эл алдында социалдык милдеттенмелерибизди аткара албай калабыз!
 
Ишкерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бизнес-акыйкатчы жана сиздер үчүн менин эшигим дайыма ачык»,-деди Жапаров. 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter