У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК турак-жай имараттын куруудагы мыйзамсыз иштери үчүн бир нече мамкызаматкерлерге кылмыш ишин козгоду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети уруксат берилбей турган жерге турак-жай имаратын курууга уруксат берген бир нече мамлекеттик мекеменин кызматкерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
 
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүнүндөгү көп кабаттуу имараттын курулушуна уруксат берүүдө, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, «Бишкек башкы архитектура» ишканасы, Мамлекеттик архитектура агенттигинин мамлекеттик экспертизасы, Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзамдарды одоно бузушкан.
 
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда жогорудагы мамлекеттик органдардын мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter