У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нариман Түлеев Мэриядагы абал тынчыбаса кайра кызматка барып алаарын айтты


Нариман Түлеев жакында эле Бишкектин биринчи вице-мэри кызматынан кеткенин жар салган. Бирок учурдагы абал тынчыбаса кетүү боюнча жазган арызын кайра артка чакыртып алууга даяр экенин фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында ал арызын жазып кетсе да мэрияны күч менен басып алуу аракети дагы да токтобой жатат.

"Мен силерге кайрылам, күчүңөрдү сынап көргүңөр келеби? Анда 2021-жылдын 11-апрелиндеги шаардык кеңешке шайлоого катышкыла. Шаардыктарды сиздерге ишенүүгө ынандыргыла. Ошондо ким кимге канчалык ишенерин көрөбүз", — деди мэрдин мурдагы милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал биринчи вице-мэр кызматына толук мыйзамдуу негизде дайындалганын белгиледи.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter