У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акжолтой Бекболотов «Кыргызфильм» киностудиясынын директору болуп дайындалды


Акжолтой Бекболотов Т. Океев атындагы «Кыргызфильм»  Улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

"Кыргыз Республикасынын  Эмгек кодесинин 55-58-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2013- жылдын  3- майындыг №236 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө”  жобонун 13- пунктуна ылайык, Акжолтой Бекболотов Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды" дейт маалыматта.

Акжолтой Бекболотов буга чейин “Айтыш” коомдук фондунун директору болуп иштеген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter