У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмамбет Салиевдин ордуна Медербек Сатыев келди…


Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Алмамбет Салиев президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлыгынан бошотулуп, ордуна Медербек Сатыев дайындалды.

Дагы бир орун басарлык кызматка мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2005-2009-жылдары президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүн жетектеген, 2009-жылдан 2010-жылы апрелге чейин юридикалык кызматты башкарган Бектур Зулпуев келди.

Президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгына дайындалган Медербек Сатыев Садыр Жапаровду актаган судья катары белгилүү.

Ал 2013-жылы азыркы депутат Курманкул Зулушев менен кошо Бишкек шаардык сотундагы коллегиянын мүчөсү болуп туруп, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаттары Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган чечим чыгарган. Кийинчерээк ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Сатыев менен Зулушевди кызматтан бошоткон.

Ал эми 37 жаштагы Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын 11-декабрынан тартып иштеп келген. Бул кызматта турганда анын дарегине «бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт» деген мазмундагы сын айтылып келген. Көп былыктуу иштерде Салиевдин аты байма-бай айтылып келген. Демек, ишмердүүлүгү тыгыз иликтениши зарыл. 

Өткөн аптада экс-президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратын жетектеген Досалы Эсеналиев кызматтан кетип, анын ордуна 19-октябрда Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter