У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Италияда коронавирустан бир суткада 133 адам каза тапты

  • 09.03.2020, 14:33,
  • ---
  • 0


Акыркы маалыматка ылайык коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 110 миӊ адамга жетти. Алардын  ичинен 3825 киши каза болуп, 62 миӊ адам толук айыккан. 
 
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюумунун билдирүүсүнө таянсак коронавирус дүйнөнүн 101 өлкөсүндө катталган.  Кытайда  вирустун жайлышы басаӊдай баштаса, башка өлкөлөрдө эми күч алууда. 
 
Италия, Түштүк Корея (7300 киши),  Иран (6500 киши)  Франция (1209 киши), Германия (1040 киши)  өлкөлөрүндө вирусту жуктуруп алгандардын саны көп катталууда. 

Италияда бир суткада 133 адам каза болуп,  бир күндө вирустан каза тапкандардын саны боюнча Италия дүйнөдө биринчи орунга чыкты. 

Ал эми АКШда 550 киши вирус жуктуруп, анын 21и каза тапкан. 
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter